Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

НАТО оогандардан жайкын тургундардын өлүмү үчүн кечирим сурады


НАТО Ооганстандын Логар провинциясындагы жайкын тургундардын өлүмү үчүн кечирим сурады. Ооганстандагы америкалык жана НАТО күчтөрүнүн жетекчиси генерал Жон Аллен өткөн шаршембидеги аскердик операция маалында бейкүнөө амдардын набыт болгондугу үчүн кечирим сурады.

Ооган бийликтеринин айтуусунда, шаршембинин таңында Логардогу согушкер талиптерди жок кылуу маалында 18 жайтургун, алардын жарымы балдар набыт болгон.

Ооганстандагы түнкү аскердик операциялар эл аралык күчтөр менен президент Хамид Карзайдын өкмөтүнүн ортосунда бир топ пикир келишпестиктерди жаратууда.

XS
SM
MD
LG