Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Cириянын Дараа шаарындагы атышууда 17 киши набыт болду


Бүгүнкү атышууда өкмөттүк күчтөрдүн огунан бери дегенде 17 жай тургун алардын ичинде 9 аял жана 3 бала өлдү. Андан сырткары ондогон адамдар жарадар болгонун Лондондо жайгашкан сириялык укук коргоочулардын тобу билдирди. Алардын маалыматы боюнча бул шаарда башкаруучу режимге каршы нааразылыктар өтүп, президент Башар ал-Ассаддын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Учурда Дараа шаары менен телефон байланышы үзүлгөн.

Активисттердин маалыматында, жума күнү бир катар эл жашаган жерлердеги кагылышуулардан 70 киши жабыркады. Кечээ эл аралык байкоочулардын тобу шаршембиде кеминде 55 киши набыт болгон ал-Кубейрге барышты. Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан ки Мун бул жердеги айосуз кан төгүү үчүн жоопкерчиликти өкмөттүк күчтөр алаарын билдирди.

Жума күнү Москвада Орусиянын ТИМи, АКШнын Мамдепартаментинин өкүлдөрү Сириядагы кырдаалды талкуулашты.

XS
SM
MD
LG