Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө алты өлкөнүн бешөө Тажикстандын Хожент облусунда террорчулукка каршы күрөшүү боюнча аскерий көнүгүү өткөрүүдө. “Тынчтык миссиясы-2012” деп аталган машыгуу ишемби күнү башталган. Ага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия жана Тажикстандын аскерлери катышууда. Машыгуу стратегиялык консультациялар, урушка камдануу жана операция болуп үч этап менен 14-июнга чейин созулат.
Машыгуу жөнүндө кытайлык генерал Лю Ванлонг Ройтерс агенттигине берген интервьюда мындай деди:
- Биргелешкен машыгуу Шанхай кызматташуу уюмунун мүчөлөрү террорчулукка каршы чечкиндүү күрөшөөрүн көрсөтөт. Машыгууда мүчө өлкөлөр терроризмге каршы эл аралык жаңы ыкмаларды үйрөнүшөт. Бул уюм мүчөлөрүнүн өз ара түшүнүүсү, кызматташтыкты бекемдөөсү жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүүсү үчүн олуттуу жана пайдалауу кадам.
Шанхай кызматташтык уюму 1996-жылы түзүлгөн. Иран, Индия, Монголия, Пакистан жана Ооганстан уюмга байкоочу. Беларус менен Шри Ланка уюмдун диалог-өнөктөшү наамына ээ.