Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

ЖК коррупцияны ооздуктаган мыйзам долбоорлорду карайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин бир катар комитеттери коррупцияга каршы күрөш боюнча мыйзам долбоорлордун топтомун карайт. Анда ондон ашун долбоор бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков кабарлады. Өткөн апта соңунда фракция жыйындарына байланыштуу мыйзам долбоорлордун топтомун кароо бүгүнкүгө жылдырылган.

Өткөн айдын соңунда Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев өкмөттү коррупция менен жакшылап күрөшпөй жатат деп сынга алган болчу. Атамбаев төрт айдан бери даяр мыйзамдар парламенттин кароосуна жиберилбей жатканын белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG