Бүгүндөн тарта Кыргызстанда Жол коопсуздугу кызматынын кызматкерлери айдоочудан ишеним кат документин сурабайт. Аталган кызматтын маалымат катчысы Кылычбек Мурзалиевдин “Азаттыкка” айтымында, ишеним кат менчик укугун тастыктаган документ катары кала берет. Бирок машинени айдоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмесинен гана чыгарылат.
“11-июндан тартып автоунаа айдаган жарандар өздөрү менен бирге машиненин техникалык паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн алып жүрсө боло берет. Машиненин ээлери көбүнчө ишеним кат менен гана сатып, алган адамдар өздөрүнө катташпайт. Бирок жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуну такташ кыйын болуп калат. Ошол себептүү бул ишке ашырылып жатат. Экинчиден, автоунаа сатып алган адамдарга жеңилирек болсун деген максат болууда”, - дейт Мурзалмев.
Белгилей кетсек, буга чейин автоунааларды кайрадан каттоодо анын наркынын 5 пайыздык өлчөмүндөгү алым төлөнүп келген. 11-июндан тарта салыктын өлчөмү 1 пайызга чейин төмөндөдү. Эгер мурун машинени каттатууга 6000 сом төлөнсө, эми ал 1000 сомго чейин арзандамакчы. (КЕ)