Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

Сотторду тандоо кеңешин каржылоо маселеси каралат


Бүгүн Бишкекте Сотторду тандоо кеңеши жыйынга чогулуп, каржылоо маселесин талкуулайт. Ага Каржы министрлигинин, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин мүчөлөрү катышат. Мындан сырткары жарандык коом өкүлдөрү тарабынан соттордун дарегине айтылган дооматтар каралып, кеңеш өз регламентин бекитет. Бул тууралуу “Азаттыкка” кеңештин төрагасы Шамарал Майчиев кабарлады.

2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин башталган сот реформасын аягына чыгара албай калганын экс-президент Роза Отунбаева кызматынан кетип жатканда айткан. Сотторду тандоо кеңеши аркылуу судьялар корпусун тазалоо максаты коюлган болчу. Бирок бул процесс ордунан жылбай турат. Парламентте сүйлөгөн сөзүндө өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү сот реформасын тездетүү зарылдыгын айткан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG