Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Кыргызча вирус тараткан деп шектелген адам кармалды


Каракол шаарындагы компьютер борборлорунда жана интернет кафелерде
«Бөрү-Баш», «Мирлан», «Коңурбай» вирустары жайылып кеткен. Бул ишти
Каракол шаардык ички иштер башкармалыгы иликтеп, ЫМУнун 5-курсунда окуган
студентти кармады. Бул боюнча облустук ички иштер башкармалыгынын
маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, бул вирустар бир жыл мурда негизделген. «Учурда бул иш
боюнча Улуттук коопсуздук башкармалыгында иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
«Бөрү-Баш» жана «Мирлан» вирусун 2011-жылы ойлоп тапкан. Ал эми
«Коңурбайды» быйыл негиздеп, интернет кафелерден жайылтчу экен», - дейт маалымат катчы. (MKa)

XS
SM
MD
LG