Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Майлы-Сууда сел 8 жашар баланы агызып кетти


Жалал-Абаддагы Майлы-Суу шаарында 8-июнда нөшөрлөп жааган жаандан сел жүрүп, 8 жашар Нурбек Мамбетжановду агызып кетти. Анын сөөгү эртеси, 9-июнда табылган.

Чукул кырдаалдар министрлигинин бүгүн маалымдашынча, учурда селдин кесепетин жоюу иштери уланууда. Жалпысынан жети үй жабыркап, эки көпүрөнү суу жууп кеткен. Жаздан бери Майлы-Суу бир нече жолу селден жабыркады. (EBM)

XS
SM
MD
LG