Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

АКШ армиясынын мурдагы командири экинчи аял алганы үчүн соттолууда


Иракта жана Ооганстанда кызмат өтөгөн полковник Жеймс Жонсонго ирактык аял менен мамилесине байланыштуу алты айып коюлду. Айыптоого ылайык, ал аял Голландияга көчүп кеткенден кийин Жонсон ага жолугушуу үчүн армиянын унаасын колдонуп, ошондой эле ага 80 миң доллардан ашык суммага армиянын телефонун колдонууга уруксат берген. Кийин Жонсон биринчи аялы менен ажырашпай туруп, аталган аялга үйлөнгөн. Германияда кечээ башталган сотто Жонсон өзүнө коюлган айыптоолордун көбүн мойнуна алды. Күнөөсү далилденсе ал көп жылдарга эркинен ажыратылышы, армиядан куулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG