Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Грузияда миңдеген киши оппозициячыл ишкерди колдоп чыкты


Грузиялык кыял коалициянын миңдеген колдоочулары жекшембиде өлкөнүн батышындагы Кутаиси шаарында чогулушту. Коалициянын жетекчиси, миллиардер Бидзина Иванишвили өлкөдөгү кыйынчылыктар үчүн президент Михаил Саакашвилини күнөөлөп, күзгө белгиленген парламенттик шайлоодо жеңип чыкса, жумушсуздукту азайтып, өнөр жайын өнүктүрүүгө, пенсиялык төлөмдү көтөрүүгө жана социалдык тармакты бекемдөөгө сөз берди:

- Биз шайлоодон жеңип чыгаарыбызга ишенем. Грузин эли жеңет, Грузия жеңет. Биз ынтымакташып, жаркын келечек курабыз жана грузиялык кыялды ишке ашырабыз, - деп ишендирди ал.

Учурдагы сурамжылоо Иванишвилинин коалициясы Саакашвилинин бийликтеги Улуттук кыймылынан артта экенин көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG