Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Евро-2012: Хорватия С тобунда Ирландияны утуп алды


Познань шаарындагы европалык футбол таймашында Хорватия Ирландияны 3-1 эсебинде утуп, С тобунда алдыңкы сапка чыкты. Мелдеш мезгилинде хорваттар көпчүлүк убакта үстөмдүк кылып, үч топту тең Марио Манжукич киргизди. Евромелдештин үчүнчү күнүндөгү оюн тууралуу хорватиялык күйөрман Антони мындай деди:

- Ирландиялыктар мекени үчүн чын жүрөктөн ойношту, бирок алардыкы чабал команда. Биздин команда алардан күчтүү.

С тобундагы экинчи мелдеште Италия менен дүйнөлүк жана европалык чемпион Испания Гданскиде ойноп, 1-1 эсеби менен тең чыгышты. Бул топтогу экинчи айлампа 14-июнь, бейшембиге пландалган. Анда Хорватия Италия менен, Ирландия Испания менен беттешет. Д тобундагы оюндар бүгүн Украинада башталууда. Англия менен Франция Донецкиде, Украина менен Швеция Киевде ойнойт.

XS
SM
MD
LG