Мариано Рахой евро-аймактын анын өлкөсүнө бөлгөн жардамын европалык бирдиктүү валютанын жеңиши деп мүнөздөдү. Буга чейин испаниялык банктарга чукул жардам берилишине каршы болуп келген премьер кечээ бул макулдашуу Испаниядагы экономикалык кайра курууга болгон Европанын ишенимин көрсөтүү деди. Эл аралык Валюта кору жана башка каржылык уюмдар ишембиде жактырылган 100 миллиард еврого тете куткаруу планын евро аймактагы кизистин жайылышын алдын алуучу жана аймактагы каржылык ынтымакты тереңдетүүчү кадам катары баалашты. Испания евро-аймактагы төртүнчү ири өлкө. Ал аймакка кирген 17 мамлекеттин ичинен Греция, Ирландия, Португалиядан кийинки чукул жардам сураган төртүнчү мүчө-өлкө болуп калды.