Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:54

Орусияда массалык демонстрациянын алдынан оппозициянын лидерлеринин үйлөрү тинтүүгө алынды


Ксения Собчак менен Алексей Навальный
Ксения Собчак менен Алексей Навальный
Владимир Путиндин үчүнчү ирет президент болуп шайланганына каршы оппозиция эртең ири демонстрация уюштуруп жаткан. Анын алдынан бүгүн полиция оппозициянын лидерлери Борис Немцов, Илья Яшин, Алексей Навальный, Ксения Собчак жана Сергей Удальцовдун үйлөрүн тинтүүгө алды. Алар эртең демонстрация болоор күнү суракка чакырылышты.

Адам укугун коргоочу Лев Пономарев бүгүнкү тинтүү “шейшембиге пландалган митингди үзгүлтүккө учуратыш үчүн жасалган” деп билдирди. Федералдык тергөө комитети болсо тинтүүнү 6-майдагы “Миллиондордун маршы” учурундагы мыйзам бузууларды аныктоо аракети менен түшүндүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG