Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:10

Ош шаарынын макамы жөнүндө мыйзам долбоору каралат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети “Ош шаарынын макамы” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун караганы жатат. Демилгечи депутаттардын бири Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” айтымында, буга чейин Ош шаардык мэриясынын, шаардык кеңешинин иши жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө мыйзам менен аныкталып келсе, эми Ош шаары өзүнчө мыйзамдын негизинде башкарылат. Бул мыйзам долбоор мамлекеттик маанидеги экинчи шаар саналган Ошту башкарууну жакшыртуу, ыйгарым укуктарды күчтөндүрүүгө багытталган:

- Ал жерде эки түрдүү көз караш бар. Биринчиси, өкмөт башчы шаардык кеңештин фракциялары менен кеңешип, үч талапкерди сунуш кылат. Анан ошонун ичинен бирөөсүн тандап алат. Экинчиси, шаардык кеңештин өкүлдөрү талапкерди өздөрү жылдырып, өздөрү тандайт. Бул Жогорку Кеңештин отурумунда чечилет. Натыйжада Бишкек, Ош шаарлары өзүнчө мыйзамдардын негизинде иш жүргүзүшү керек, - дейт Турсунбеков.

Бул мыйзам долбоорду буга чейин Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы боюнча комитети жактырган. Долбоор бир катар комитеттерде каралгандан кийин парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Демилгечи депутаттардын билдирүүсүнө караганда, жакын арада Бишкек шаарынын макамы тууралуу да мыйзам долбоору иштелип чыкмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG