Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:04

Бишкекте кыргыз саймасынын көргөзмөсү өтөт


Бүгүн Мамлекеттик тарых музейинде XIX-XX кылымдардагы кыргыз саймасынын көргөзмөсү ачылат. Музейдин маалымат бөлүмүнөн маалымдашкандай, көргөзмөгө кыргыздын жашоо-тиричилик буюмдарында колдонулган сайманын түрлөрү жана башка элдер менен болгон маданий байланышы тууралуу кабар берген накта этнографиялык материалдар коюлмакчы. Көргөзмөнүн негизги максаты – кыргыздын көркөм маданиятындагы сайманын ролун жана маанисин даңазалоо. Ошондой эле байыркы тикмечилердин жогорку деңгээлин, сайма техникасынын көп жактуулугун көрсөтүү.

Кыргызстанда соңку учурда сайма түшүрүлгөн кийим-кечелер мода боло баштады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG