“Борбор Азия – Индия” диалогу аттуу конференцияда энергетика маселеси талкууланаарын “Азаттыкка” Дипломатиялык академиянын ректорунун орун басары Ташмамбет Кененсариев билдирди. Жыйынга Казакстан, Индия, Кыргызстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышат. Өзбекстандан өкүлдөр келбей калды, ал эми Түркмөнстан катышуудан баш тарткан.
Алгачкы жыйында технология, инновация жана билимди жогорулатуу, Кыргызстан-Индия кызматташтыгы, энергитика маселелелери талкууланат. “Борбор Азия – Индия диалогу” аттуу алгачкы конференцияда эксперт, окумуштуу жана дипломаттар тажрыйба алмашат. Андан соң ушундай эле иш-чара мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле башка дагы Борбор Азия өлкөлөрүндө жылына бир өткөрүп туруу пландалууда. Конференция Индиянын демилгеси менен өтүүдө. (КЕ)