Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Миграция боюнча эл аралык уюм менен биргеликте “Бишкек-Москва” поезд каттамында кыргыз мигранттарына юридикалык кеңеш берип турууну пландаштырып жатат. Мындай долбоорду 2013-жылы март айына чейин киргизүү каралууда. Ага ылайык, адистер Оренбург шаарынан поездге түшүп, Москвага чейин барып мигранттарга кеп-кеңеш бермекчи.
Аталган эл аралык уюм буга чейин ушундай эле иш-чараларды Тажикстанда “Дүйшөмбү-Москва” каттамында уюштурган. (EBM)
Аталган эл аралык уюм буга чейин ушундай эле иш-чараларды Тажикстанда “Дүйшөмбү-Москва” каттамында уюштурган. (EBM)