Полиция бир нече таанымал өкүлүнүн үйлөрүн тинтигенден кийин оппозиция бүгүн баш калаада нааразылык жүрүшүнө чыкканы жатат. Бирок ага суракка чакырылган Алексей Навальный жана солчул лидер Сергей Удальцов өңдөнгөн оппозиция жол башчыларынын катышаары күмөн. Орусиянын Иликтөө комитети алардын үйүнөн «мамлекетке каршы ураандар камтылган ири сандагы үгүт материалдарын жана адабияатты» колго түшүргөндүгүн айтууда. Мындан бир нече күн мурда президент Владимир Путин тополоң чыккан демонстрациялардын катышуучуларын жазалоону күч алдыруучу мыйзамга кол койгон эле.
Кошмо Штаттары Орусияда оппозициянын куугунтукталышына тынчсыздануу билдирүүдө.
Кошмо Штаттары Орусияда оппозициянын куугунтукталышына тынчсыздануу билдирүүдө.