Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Ооганстанда Карзайдын агасы президенттикке чыгышы мүмкүн


Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын агасы Абдул Каюм Карзай өлкөнүн кийинки президенти болууга өз талапкердигин пландап жаткан шекилдүү. Карзайдын дагы бир агасы Махмуд Карзай Каюмдун 2014-жылдагы шайлоого катышууга даярданып жаткандыгын бышыктады. Махмуд Карзай азырынча президент Карзай Каюм Карзайдын талапкердигин колдоор-колдобостугун айта электигин кошумчалады.
Ооганстандын мыйзамы боюнча, Хамид Карзайдын үчүнчү жолу президенттикке талапкер болуугуа укугу жок. 55 жаштагы Каюм Карзай 2008-жылы саламаттыгына байланыштуу депутаттыктан баш тарткан. Ал талиптер менен көмүскө тынчтык сүйлөшүүсүнө аралашып жүргөндүгүн айтышат.

XS
SM
MD
LG