Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

"Санпа" окуясынын курмандыктары эскерилди


Бүгүн Ош-Бишкек жолунун 474-чакырымында мындан эки жыл мурун тутанган окуянын курмандыктарына арналган эскерүү митинги өттү. Ага 2010- жылдын 12-13-июнь күндөрү Сузактын пахта тазалоочу заводунун тушунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жазыксыз адамдардын туугандары, жергиликтүү бийлик менен күч уюмдарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Анда жакында белгисиз себептерден талкаланып, кайра жаңыдан жасалган айкел тургузулду. Жабырлануучулар эстеликти тургузууга кол кабыш кылган уюмдарга ыраазылыгын билдиришип, июнь окуясын баштоочуларын кармап жазалоону өтүнүштү. Шейит болгондордун арбагына куран окутулду. Облустук милиция Бишкек-Ош жолунун Сузак аймагында он алты адам өлтүрүлүп, тогуз автоунаа өрттөлгөнүн, төрт киши дайынсыз экенин билдирген. Соттук материалдарга ылайык, “Санпа” окуясында он адам набыт болуп, эки адам дайынсыз болууда.(YA)

XS
SM
MD
LG