Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Улуттар уюму Асаддын режимин айыптады


БУУ Сирия президенти Башар Асаддын режимин жаш балдарды өлтүргөн, кыйнаган, аларды урушка мажбурлаган өкмөттөр тизмесине кошту.

Улуттар уюмунун Балдар жана аскерий жаңжалдар боюнча жылдык баяндамасында белгиленгендей, Сирия армиясынын аскерлери жана өкмөткө жантарткан Шабиха кошуунунун согушкерлери он беш айга аяк баскан козголоңду басуу учурунда жаш балдарды атайлап бутага алууда.

Баяндама БУУнун байкоочулары балдар жана армиянын мурдагы жоокерлери менен маектешүүлөрүнүн негизинде даярдалган.

БУУнун баяндамасы оппозициядагы Эркин Сирия армиясын балдарды уруш талаасында суу жана дары-дармек ташууда колдонуп жатканы үчүн сындаган.(UE)

XS
SM
MD
LG