Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:51

Москвадагы митингде Путинди кызматтан чегинүүгө чакырышты


"Миллиондор маршына" чогулгандар. 12-июнь, 2012-жыл.
"Миллиондор маршына" чогулгандар. 12-июнь, 2012-жыл.
Орус оппозициясынын Москвадагы бүгүнкү митингинин соңунда кабыл алынган резолюциясында Владимир Путин кызматтан чегинүүсү, жаңы шайлоо мыйзамы кабыл алынуусу, парламенттик жана президенттик шайлоо кайрадан өткөрүлүүсү керек деген талаптар айтылат. Активист Евгения Чирикова резолюцияны окуп жатып, буларга токтолду:

- Орусиядагы азыркы жогорку бийлик мыйзамсыз. Путин жана анын тобу бийликти жалган, бурмаланган шайлоодо узурпациялап алышты. Бийликти уятсыздык менен ээлеп алышкандыктан алар өлкөнүн социалдык да, экономикалык да көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмсүз.

Орус оппозициясынын “Миллиондор маршы” деп аталган кезектеги жүрүшүнө, полициянын эсебинде, 18 миңдей адам жыйналды. Уюштуруучулар болсо 30 миңден 100 миңге чейин деген цифраны айтышууда. Орусиянын акыйкатчысы Владимир Лукин кабар агенттиктерине бүгүнкү демонстранцияга 100 миңдей киши катышканын билдирди.

Жүрүш Москванын Пушкин аянтынан башталып, Сахаров аянтында митинг менен улантылды. “Миллиондор маршына” чыккандар “Бардык бийлик элге”, “Полициялык мамлекет жоголсун”, “Таза бийлик үчүн” деген ураан-чакырыктарды көтөрүп чыгышты.

Оппозициянын бул акциясы алдында Москвада жарандык активисттердин үйлөрүнө массалык тинтүү жүргүзүлдү. Алардын компьютерлери, телефон жана башка байланыш-маалыматтык жабдыктары алынды.

Оппозициянын бир катар активисттери 6-майда, демонстранттар менен полициянын кагылышуусуна алып барган митингге байланыштуу суракка чакыртылгандыктан бүгүнкү акцияга катыша алышкан жок.

АКШ орус бийлигинин оппозицияга жасаган мамилесине терең тынчыздануусун билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG