Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Ооганстанда НАТО учактарынын турак үйлөргө сокку уруусуна тыюу салынды


Бул тууралуу ооган президенти Хамид Карзай билдирди. Анын айтымында, НАТО баштаган коалициялык күчтөргө мындан ары кандай жагдайда болбосун, атүгүл оогандар менен чет элдик аскерлерди коргоо үчүн да турак үйлөргө сокку уруусуна жол берилбейт.

Карзай белгилегендей, ал бул маселе боюнча НАТО менен АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Жон Аллен менен макулдашууга жетишти.

Сүйлөшүүлөр НАТОнун аба соккусунан өткөн аптада Логар провинциясында 18 жөн-жай тургундун өмүрү кыйылгандан кийин болду.

Бирок НАТО тараптардын макулдашуусун бир аз башкачараак чечмелөөдө. Коалициялык күчтөрдүн айтымында, алар үйлөрдү бутага алган аба соккуларын чектөөгө макул болду. Бирок НАТОнун учактары согушкерлерди же алардын турак жайларын жерде аскерлерин коргоо үчүн мурдагыдай эле ата берет.

НАТОнун аба соккулары жайкын калк арасына алып келген чыгымдар оогандардын чет элдик аскерлер боюнча көз-карашына теcкери таасирин тийгизди. (UE)

XS
SM
MD
LG