Бул тууралуу “Азаттыкка” чет элдик инвесторлордун башын кошкон уюм - Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Актилек Түнкатаров билдирди.
Анын айтымында, кыргыз өкмөтү быйыл апрель айында бекиткен жободо кайсы бир кенде байлыктын акчалай өлчөмү 50 миллион доллардан көп деп эсептелсе, аны иштеткен компаниянын 20% же андан көп үлүшү өкмөткө бекер берилиши керек деген талап каралган.
Бирок бул жаңы эреже чет элдик инвесторлордун кооптонуусун жараткан:
- Кайра карап, жаңы эреже жазабыз дешти. Жободон өкмөткө 20% же андан көп үлүштү берүүнү караган пунктту алып салабыз, каалаган компаниялар өз ыктыяры менен беришсин деди. Бүгүнкү жолугушууда көтөрүлгөн биринчи маселе ушул болду.
Бүгүн Эл аралык ишкер кеңештин мүчөлөрү премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт мүчөлөрү менен кездешкен. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, премьер-министр инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн кызыкдар тараптардын баары менен кызматташтыкка даярдыгын билдирди.
(UE)