Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Варшавада орус-поляк футбол ышкыбоздору кагылышты


Бири-бирине жулунган поляк жана орус күйөрмандарын полиция ажыратууда. Варшава, 12-июнь, 2012-жыл.
Бири-бирине жулунган поляк жана орус күйөрмандарын полиция ажыратууда. Варшава, 12-июнь, 2012-жыл.
Кагылышуу Европанын футбол чемпионатынын алкагында, Орусия менен Польшанын бүгүнкү беттешүүсү алдында болду. Варшавада оюнду утурлай полиция күчтөрү көбөйтүлгөн. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 24:45те башталат.

Кагылышуу орусиялык 5 миңдей футбол күйөрманы Орусиянын күнүн белгилеп, Варшавадагы стадионго жүрүш жасаган кезде болду.

Маалыматтарга караганда, андан жаракат алгандар бар.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдешке 10 миңдей орусиялык, 30 миңдей поляк күйөрмандар билет сатып алган.

Польша менен Орусиянын мамилесинин тарыхында бир топ тирешүүлөр болгону белгилүү.

Европанын футбол чемпионатынын А тобунда бүгүн Польшанын Вроцлав шаарында Чехия менен Греция беттешти. Чехтер 2:1 эсебинде утту. (UE)

XS
SM
MD
LG