Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Кыргызстанда тоо-кен өнөр жайынын инвестициялары 100 млн. долларга азайды


Кыргызстанда тоо-кен өнөр жайынын инвестициялык жагымдуулугунун рейтинги түшүп жатканын “Азаттыкка” Тоо-кенчилер ассоциациясынын башчысы Орозбек Дүйшеев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү реформанын туура эмес жүргүзүлүп жатканы жана бул тармакты түшүнбөгөн адистердин келиши буга себеп болууда.

Маалыматка ылайык, соңку айларда коомдук тоо-кен иштетүүчү компаниялардын акцияларынын котировкасы түшүп кеткен. Мисалы, акыркы үч айдын ичинде “Центерранын” капитализациялануусу 30%, Чаткалдагы Чаарат кениники 50%, Баткендеги “Манас Ресорсез” 32% түшкөн. Натыйжада тоо-кен өнөр жайынын инвестициялары 100-150 млн. долларга азайган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG