Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Т.Сатылганов атындагы адабият жана искусство музейинин экспозициясы жаңыртылды


1989-жылы Фрунзе шаарында ачылган Токтогул Сатылганов атындагы адабият жана искусство музейинин экспозициясы быйыл биринчи жолу жаңыртылды. Ал үч бөлүктөн турат. Биринчиси, кыргыз элинин жазма мурасы. Анда Кыргызстандын биринчи агартуучулары жана акын, жазуучулары тууралуу маалымат, сүрөттөр камтылган.

Экинчи бөлүгүндө Жазуучулар биримдигинин алгачкы түзүүчүлөрү, үчүнчүсүндө театр, кино искусство адамдары, эл шайырлары тууралуу маалыматтар бар.

Музейдин жаңыртылган экспозициясынын ачылышы бүгүн маданият жана искусство адамдарынын катышуусунда өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган музейден кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG