Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

Кызыл чырым: Сирияда кырдаал мурдагыдан курчуду


Эл аралык Кызыл чырым уюму Сириянын бир нече райондоруна гуманитардык жардам жетпей, айрым аймактарда согуш күчөгөндүгү тууралуу билдирүү таратты. Өкмөттүк куралдуу күчтөрдүн аткылоосунан улам ушул күндөрү Хомс шаарын жүздөгөн тургундар таштап, чыгып кетип жатканын уюмдун өкүлү билдирет. Мындан бир аз күн мурун Сириянын түндүгүндөгү аткылоого Бириккен Улуттар уюмунун байкоочулары кабылган.

Кечээ АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон сириялык режимге тик учактарды жеткирүүдө, ал болсо жаңжалдарды күчөтүүдө деп Орусия бийлигин айыптаган болчу. "Сирияда азыр толугу менен жарандык согуш жүрүүдө", деп билдирет БУУнун баш катчысынын бейкуттукту орнотуу боюнча орун басары Эрве Ладсу.

XS
SM
MD
LG