Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

Мелис Мырзакматов ооруканага жаткан жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун жардамчысы Айбек Киленбаев кабарлады.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Бишкекте өтүп жаткан өкмөт жыйынында Мырзакматов өзүн жаман сезип сыртка суранып чыгып кеткенин, кийинчерек шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылганы белгилүү болгонун жазып чыгышкан.

- Ооруканага жаткан жок. Бир аз башы ооруп, өзүн жаман сезген экен. Тез жардам алып кетти деген маалыматтар туура эмес. Азыр эс алып жакшы болуп калды. Жыйындар залына кирип, өзүмдү жаман сезип атам деп уруксат сурап кагаздарын, сумкасын алып эле чыгыптыр, - деди Киленбаев.

Өкмөттүн жыйынында облус губернаторлору жана Ош, Бишкек шаарларынын мэрлери 2012-жылдагы экономикалык өсүш боюнча отчет беришмек. Маалыматка ылайык, Мырзакматов отчет берчүлөрдүн тизмесинде акыркылардан болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG