Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

ТүркПАнын төрагалыгы Кыргызстанга өтөт


Бүгүн Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) үчүнчү пленардык жыйыны башталат. Ага Азербайжандын Милли Межилисинин төрагасы Октай Асадов, Казакстан Межилис төрагасы Нурлан Нигматулин, Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Жемил Чичек башында турган депутаттык делегация өкүлдөрү катышат. Жыйында парламенттер аралык диалогду тереңдетүү маселелери, комиссиялардын аткарган иштери тууралуу отчет угулат. Мындан сырткары эл аралык кызматташтык, социалдык, маданий, гуманитардык жана соода-экономикалык алакалар талкууланат. Бул жыйында Ассамблеяга төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өтөт. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жыйын соңунда Бишкек декларациясы кабыл алынат.

ТүркПА 2008-жылдын 21-ноябрында Стамбул шаарында түзүлгөн. Ага төрт мамлекеттин - Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркиянын парламенттери кирет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG