Учурда мигранттарга укуктук жактан жардам берүү ыкмалары каралууда. Бул багытта Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен Эл аралык миграция уюму (МОМ) биргелешип иштешкени жатышат. Ага ылайык, Бишкек-Москва поезд каттамында атайын юристтер мигранттарга чек арадан өтүү, Москвада ишке орношуу үчүн уруксат алуу, каттоого туруу маселелери боюнча кеп-кеңештерин берет. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусовдун “Азаттыкка” айтымында, юристтерди тандоо, аларга айлык акы төлөө маселесин МОМ мойнуна алууда. Ал эми барып келген жол акысы учурда “Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишканасы менен сүйлөшүлүп жатат. Пилоттук долбоор максатына жетсе 2013-жылдын март айына чейин иштейт.
Буга чейин айрыкча темир жол аркылуу Орусияга кеткен мигранттардын укуктары көп бузулары айтылып келген. (КЕ)
Буга чейин айрыкча темир жол аркылуу Орусияга кеткен мигранттардын укуктары көп бузулары айтылып келген. (КЕ)