Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

АКШ коргоо министри Пакистанга жардамды шарт менен берүүнү сунуштады


Леон Панетта.
Леон Панетта.
Леон Панеттанын Сенаттагы бюджеттик угуу учурунда айтканына караганда, АКШ Пакистанга жардамын токтотпошу, бирок шарт менен берүүсү керек.

Анын айтымында, Пакистандын Ооганстанды көздөй кургактагы жолдорун жабуусу АКШга аскерлерге жүк жеткирүүнү миллиондогон долларга кымбаттатты:

- Мунун натыйжасы - кымбатчылык. Себеби аскерлерибизди которуу жана аларды жабдуу үчүн биз түндүктөгү транзиттик жолду колдонуп жатабыз. Жабылуудан улам бир айлык чыгым менимче 100 миллион доллардын тегерегинде турууда.

Пакистан АКШ жана НАТО үчүн кургактагы жолдорун былтыр ноябрда НАТОнун жаңылыш аба соккусу 24 аскерин мерт кылгандан кийин жапкан.

АКШ Пакистандан сүйлөшүүчүлөр тобун ушул дүйшөмбү күнү чыгарып кеткенин жарыялады.

Тараптардын мунасага жете албоосунун башкы себеби катары Пакистандын кечирим суроону талап кылуусу, АКШнын муну аткарбоосу айтылып келинген.

Бирок АКШ коргоо министри Панеттанын ырастоосунда, кечирим суроо тараптар келише албаган жалгыз эле маселе эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG