Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Орусиянын футбол союзу фанаттарды тартипке чакырды


Орус жана поляк фанаттары стадион сыртында мушташууда. Варшава, 12-июнь, 2012-жыл.
Орус жана поляк фанаттары стадион сыртында мушташууда. Варшава, 12-июнь, 2012-жыл.
Союз мындай үндөөнү Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги - УЕФА айып салгандан кийин жасады.

Орусиялык күйөрмандардын Чехия менен Орусия мелдеши учурундагы жүрүм-туруму, атап айтканда стадион кызматкерлерин сабаганы, фейерверк күйгүзүп ыргытканы, чехтердин ындыкара оюнчусунун дарегине расисттик сөздөрдү кыйкырганына байланыштуу кечээ УЕФА Орусиянын футбол союзун 150 миң доллар айыпка жыккан.

Ага катар мындай көрүнүш кайталанса, Европанын кийинки футбол чемпионатына иргөө оюндарында Орусия алты упайынан айрыларын эскерткен.

Эки күн мурда Орусия менен Польша ойногондо эки тараптын күйөрмандары Варшавада кагылышкан эле. УЕФА буга байланыштуу эки өлкөнүн футбол уюмдарына карата тартип иликтөөсүн баштаганын жарыялады.

Варшавадагы кагылыштан кийин орус президенти Владимир Путин поляк премьер-министри Дональд Тускка телефон чалып, күйөрмандардын коопсуздугу үчүн “толук жоопкерчилик” поляк тарапта экендигин айткан.

Эми Орусия менен Грекиянын 16-июнда Варшавада өтчү оюнунда 20 миңдей орус күйөрманы катышары күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG