Бидзина Иванишвили Тбилисинин соту ага салган айыпты төлөбөй турганын бүгүн жарыялады. Ал өзү сот чечимин "сандырак" деп баалады.
Тбилисинин шаардык соту ушул дүйшөмбүдө Иванишвилини Грузиянын шайлоо жана саясий каржылоо боюнча мыйзамдарын бузган деп таап, аны 90 милллион доллардан ашуун айыпка жыккан.
Миллиардердин адвокаты чот чечими апелляцияга берилгенин билдирди.
Сот чечими Иванишвилинин "Грузия кыялы" коалициясы парламенттик шайлоого даярданып жаткан кезде чыкты. Мурдараак Иванишвили президенттик шайлоого катышуу ниети бардыгын да айткан.
Азыркы президент Михаил Саакашвилинин бийликтеги экинчи мөөнөтү келерки жылы аяктайт. (UE)