Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Кыргыз-тажик чек ара аймактарындагы соода-экономикалык алака талкууланат


Бүгүн Бишкекте кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын эки күндүк жолугушуусу башталат. Транспорт жана байланыш министринин басма сөз өкүлү Гүлнара Кожахметованын “Азаттыкка” айтымында, жыйында чек ара аймактарындагы соода-экономикалык алаканы жакшыртуу, чек ара, жол маселелери талкууланмакчы. Маалыматка ылайык, Тажикстандын өкмөттүк делегациясын Транспорт жана байланыш министри Низом Хакимов баштап келди.

Өткөн жылы бул эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 30 млн. долларды түзгөн. Тажикстан менен негизинен Кыргызстандын Баткен облусу чектешет. Ал Согди облусунун 9 району менен чектеш. Ал эми Согди облусунда 2 млн., тагыраак айтканда Тажикстандын жалпы калкынын үчтөн бири жашайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG