Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Каттоо кызматынын өкүлүнө кылмыш иши козголду


Мамлекеттик каттоо кызматынын Москва районундагы аймактык башкармалыгынын жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул маалыматты “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов тастыктады. Анын айтымында, ИИМдин уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгына Москва районунун тургуну кайрылып, Каттоо кызматынын өкүлү кыймылсыз мүлктү каттоо үчүн 300 доллар талап кылганын билдирген.

“Натыйжада ал пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал мезгилдеги окуялар сүрөт жана видеого тартылып алынган. Бирок Каттоо кызматынын Москва райондук башкармалыгынын жетекчиси чыр чыгарып, туугандарын да чакырганга аракет кылган. Жардамга келген жакын тууганы аталган райондун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери болуп чыккан”, - деди Сейитов.

Окуяга байланыштуу “пара алуу”, “тергөөгө тоскоолдук кылуу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча иш козголду. Тергөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG