Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Кыз ала качуу боюнча иш сотто каралат


Бүгүн Ысык-Көл облусунда кыз ала качуу боюнча иш сотто каралат. Облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов “кыздын эркине каршы мажбурлап никеге туруу” беренеси боюнча, Сары-Камыш айылынын тургуну, 1978-жылы туулган Шаимбек Иманакуновго кылмыш иши козголгонун “Азаттыкка” билдирген.

Ысык-Көл облусунун Ак-Cуу районунун тургуну, 20 жаштагы Касымбай кызы Ырыс аны ала качып кеткенден кийин асынып алган. Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” маалымдашынча, 8-июнда аны Шаимбек Иманакунов ала качып кетип, ошол эле күнү кыздын эркине каршы нике кыйылган. Бул маалыматты Акыйкатчы институтуна маркумдун эжеси кабарлаган. Бирок Иманакунов Ырыс менен сүйлөшүп эле үйлөнүшкөнүн, ала качпаганын билдирүүдө.

Буга чейин Ысык-Көл облусунда эки кыз ала качкандан кийин өз жанын кыйганы белгилүү. Ала качуу үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору парламенттин талкуусунда турат. Ал биринчи окууда кабыл алынган. (КЕ/МК)

XS
SM
MD
LG