Европалык футбол чемпионатында Ирландия Испаниядан 4-0 эсебинде утулуп, чейрек финалга чыгуу укугунан ажырап калды. Топту эки ирет Фернандо Торрес, бир жолудан Давид Силва жана Сеск Фабрегас киргизди. С тобунда ошону менен Испания биринчи, төрт упай менен Хорватия экинчи, эки упайлуу Италия үчүчү орунда келатат. Эми Хорватия Испания менен, ал ами Италия акыркы жолу ойной турган Ирландия менен беттешет.