Орусиядагы Башкы федералдык тергөө комитетинин төрагасы Москвада чыкчу "Новая газетанын" баш редакторунан эл алдында кечирим сурады. Александр Бастрыкин Москвада кабарчылардын алдында Дмитрий Муратовго "ачууга алдырып" койгонун мойнуна алды. Бастрыкин мунун алдында ири маалымат каражаттарынын редакторлору менен жолугуп, Муратовдун өткөн аптада "Новая газетанын" кабарчысы Сергей Соколовду коркутту деген кинесин талкуулаган эле. Бастрыкин менен кол алышкандан кийин Муратов чет өлкөгө качып кеткен Соколовдун эми өз өмүрүнөн коркууга негиз жок деди. 14-июнда эртең менен эле Бастрыкин Муратовдун кинелерин "чындык менен ойдон чыгарылган калптын аралашмасы" деп мүнөздөгөн эле.