Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Казакстанда театр режиссеру камакка алынды


Казакстанда оппозициячыл театр режиссеру Болат Атабаев былтыр декабрда Жаңы-Өзөндө болгон кандуу окуяларга байланыштуу камакка алынды.

Атабаев өзү “Азаттыкка” телефон чалып, бүгүн эртең менен камакка алынып, азыр Улуттук коопсуздук комитетинин абак жайында отурганын билдирди. Ал апта башында Улуттук коопсуздук комитетине суракка барбай койгон.

Режиссерду бийликтер 16 адамдын каны төгүлгөн Жаңы-Өзөн коогалаңынан кийин “улут аралык жек көрүүчүлүктү жайылткан” деп күнөөлөп жаткан. Болат Атабаев мартта Жаңы-Өзөн чатагына ишаара кылган спектакль койгон жана августта Германияга Гете медалын алганга бармакчы. Чет өлкөлүктөргө ыйгарылчу бул сыйлык Атабаевге немис-казак театрларынын кызматташуусуна кошкон салымы үчүн берилген.

XS
SM
MD
LG