Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Аба ырайы


Кыргызстанда 15-18-июнь күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам тоо этектеген аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталат.

16-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жерлерде кар жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 17…22 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22 градус жылуу.

Бишкекте 16-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 16... 18, күндүз 27... 29 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө суунун температурасы 14-июнда күндүз 19, ал эми 15-июнда эртең менен 17 градус жылуу болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG