Таш-Көмүрдөгү куткаруучулар тобу Аксынын Падыша-Ата дарыясына агып кеткен Бурулай Таалайбек кызын издөөнү 15-июнда да улантышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекиловдун маалымдашынча, 14 жаштагы кыз 9-июнда ата-энеси менен Жайык жайлоосуна барып, түшкү саат он эки жарымда сууга чөгүп кеткен.
Буга дейре облустан беш адам сууга агып, куткаруучулар алардын төртөөсүнүн денелерин табышкан. (YA)
Буга дейре облустан беш адам сууга агып, куткаруучулар алардын төртөөсүнүн денелерин табышкан. (YA)