Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Путин жана Обама Иран менен Сирия жөнүндө сүйлөшөт


Мексикада өтө турган "Чоӊ жыйырманын" саммитинде АКШнын президенти Барак Обама жана Орусиянын лидери Владимир Путин жолугат. Алар Ирандын өзөктүк программасы жана Сириядагы абалды талкуулашары күтүлүүдө.

Обаманын администрациясынын өкүлү Бен Родс билдиргендей, Вашингтон менен Москва Иран жана Ооганстан маселелери боюнча "тыгыз кызматташып турат". "Бирок ошол эле учурда Сирия боюнча эки өлкөнүн пикир келишпестиги сакталууда", - деди Родс.

Бул Владимир Путиндин ушул жылдын май айында Орусиянын президенти болуп кайра шайлангандан кийинки эки держава лидерлеринин алгачкы жолугушуусу. (ТТо)

XS
SM
MD
LG