Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:48

Абитуриенттер үчүн кошумча тестирлөө өтөт


Кандайдыр бир себептер менен жалпы республикалык тестирлөөгө кирбей калгандар үчүн 21-22-июнда кошумча тестирлөө болот. Түндүк аймактагылар Бишкекке, түштүк аймактагылар Ошко келип тапшыра алышат. Мындай маалыматты «Азаттыкка» Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева билдирди.

Кыргызстанда быйыл 71 миңден ашуун бала мектепти бүтүрдү. Алардын 50 миңден көбү май айында өткөн жалпы републикалык тестирлөөгө катышты. Кошумча тестирлөөдөн кийин дагы алардын саны көбөйөт. Ал эми өткөн жылы 40 миңге чукул абитуриент ушул сынакка кирген.

Быйыл эл аралык университеттерден сырткары бардык жогорку окуу жайлар студенттерди республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен гана кабыл алат. (AKu)

XS
SM
MD
LG