Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Орусияда митингге чыккандар жоопко тартылууда


Ишембиде Москвада тергөө комитетинин имаратынын алдында митинге чыккан активисттердин кеминде ону административдик жоопкерчиликке тартылды.

“Азаттыктын” орус кызматынын билдиришинче, Орусиянын Ички иштер министрлиги аларга «митинг жана пикеттерди өткөрүүнүн эрежесин бузуу» беренеси боюнча иш козгоду.

Дагы бир адам полициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги үчүн жоопко тартылды. Айрымдарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү менен коё берилди.

Активисттер 6-майда Болотно аянтында кармалгандарды бошотуу талабы менен митинг өткөрүштү. Алар ар бир ишемби күнү ушундай каршылык акциясына чогулаарын билдиришкен. (AKu)

XS
SM
MD
LG