Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:31

Францияда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө


Бул шайлоо жакында эле президент болуп шайланган Франсуа Олланд реформа боюнча берген убадаларын аткарууда парламенттин колдоосуна ээ боло алабы деген суроого жооп берет. Парламентти колго алыш үчүн социалисттер 289 орунду камсыздашы керек. Байкоочулар социологиялык сурамжылоолорго караганда, социалисттер бул шайлоодо да жеңишти камсыз кылышы толук мүмкүн экендигин айтышууда. Шайлоонун биринчи айлампасында социалисттердин “Европа Экология -Жашылдар” жана “Солчул фронт” партиялары биригип 46% добуш алса, “Элдик кыймыл үчүн союзу” партиясы жана союздаштары менен биригип 34% добушка ээ болгон. Франция парламентине 577 депутат шайланат.

XS
SM
MD
LG