Египетте президенттик шайлоонун экинчи айлампасы ишемби жана жекшемби - эки күнгө созулуп, жалпысы 50 миллион шайлоочу добуш бериши керек. Экинчи айлампада өлкөдөгү таасирдүү “Мусулман агайиндер” кыймылынын өкүлү Мохаммед Мурси менен мурдагы премьер-министр Ахмед Шафик ат салышууда. Мурси экономикалык жана саясий жаңылануу жасайм деген убадасын берсе, Шафик өлкөдө стабилдүүлүк орнотууну башкы урааны катары айтууда. 14-июнда Конститутциялык сот парламенттик шайлоону жокко чыгаргандан бери өлкөдөгү саясий абал ого бетер оорлошо түшкөн. Бүгүнкү шайлоонун коопсуздугун 400 миң аскер күчтөрү көзөмөлдөөдө.