Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Шашылыш эскертүү: сел жүрүшү ыктымал


Кыргызстанда сел коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов билдиргендей, 18-июнда тоо этектеринде катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүшү ыктымал. Ойдуң жерлерди суу каптап, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлөт.

18-июнга карата аба ырайы

Айрым жерлерде күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32,
Талас облусунда +10...+15, күндүз +26...+31,
Баткен облусунда 13...18, күндүз 28...33 градус жылуу,
Ош жана Жалал-Абад облустарында болсо түнкүсүн +13...+18, күндүз +29...+34,
Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25 градус,
Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз 20...25,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0...+4, күндүз +15...+20,
Тоолордо түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз 2...7 градус жылуу болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн абанын температурасы 15...17, күндүз 29... 31 градус жылуу болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет.

XS
SM
MD
LG