Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:56

Баткен: Ашыкча май жүктөгөн унаалар чек арадан өткөн жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облусунун губернатору Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, чек арада тартип коргоо органдары тосмолорду коюп, ашыкча май жүктөгөн унаалар өткөрүлбөй жатат.

Буга чейин Лейлек районуна күйүүчү май тартып бараткан 15 чакты унаа кыргыз-өзбек чек арасынын ортосунда токтоп турганы кабарланган. Өзүн Бектур Осмонов деп тааныштырган айдоочу “Азаттыкка” документтери туура болсо деле кыргыз тарап унааларды өткөрбөй кармап турганын, өзбек тарап унааларды камакка алганы жатат деп билдирген.

Өкмөттүн 2012-жылдын 10-майындагы токтомуна ылайык, өлкөнүн ички жолдорунда 44 тоннадан ашык салмактагы унааларга жүрүүгө тыюу салынган болчу. Учурда 300дөн ашуун күйүүчү май тарткан унаа жолдо токтоп турганы кабарланууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG