Софрес, СыЭсА сурамжылоо институттарынын эсебинде, социалисттик блок 312ден 326га чейинки сандагы мандаттарга ээ болот. Бул 577 орундуу парламентте абсолюттук көпчүлүктү түзөт жана социалисттер Жашылдар менен ашкере солчулдардын көзүн карабайт дегенди билдирет. Францияда кечээ жекшембиде Улуттук жыйынга шайлоонун экинчи айлампасы болду. Президенттик кызматты өткөн айда колго алган социалисттер ошону менен эми парламенттин эки палатасы менен катар көптөгөн жергиликтүү өкмөттөрдү да көмөзөмөлдөп калмакчы. Парламентке өтпөй калгандыгы болжолдонгон ашкере улутчулдардын жолбашчысы Марин Лө Пен добуштарды кайра саноону талап кылаарын айтууда. (JCh)